10.12.2018 21:50

«Азыркылар түшүнбөсө да, кийинки муун рахмат деп айтат»,- А.Атамбаев Тарых музейи, Чолпон-Атадагы ат майдан тууралуу

«Азыркылар түшүнбөсө да, кийинки муун рахмат деп айтат»,- А.Атамбаев Тарых музейи, Чолпон-Атадагы ат майдан тууралуу

Тарых музейи, Чолпон-Атадагы ипподром, керек болсо, 1916-жылкы Үркүндүн курмандыктарынын мемориалы гранттык акчанын эсебинен салынган, деп билдирди Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, бул долбоорлор Кыргызстандын элине, Кыргызстандын бюджетине бир тыйын турган жок. Бирок, алар салынып жаткан убакта гранттык акчадан бирөө бирдеме уурдашы мүмкүн. Азыркы бийликтин иши-андайларды таап, камоо.

«Тарых музейинин биринчи бөлүгүнүн акчасын түрк бир туугандар бөлүп берген, аларга рахмат. ТИКА аркылуу салгандыктан, Түрк өкмөтү акчаны ТИКАга түздөн-түз өздөрү төлөчү. Анан түрктөр мага самолет боюнча, Себат боюнча таарынганда акча бергенди токтотуп, калган акчасын мен Орусия президенти  Владимир Путинден сурап алгам. Ошентип, Тарых музейи бүтүрүлгөн. Болгондо да Тарых музейинин реконструкциясын Лувр, Эрмитажды жасаган фирма жасаган. Дүйнөдөгү эң атактуу фирма жасаган. Эмнеге кыргыздардын музейи Лувр, же Эрмитаждан кем болушу керек? 2011-2012-жылы келген чет элдик коноктор мага «Тарых музейиңерге барсак, Ленин тосуп алат»,- деп айтчу.  Мен ошондо абдан намыстангам. Ошол кезде Тарых музейине барып көрсөң,  кире беришинде эле Ленин турчу, шыбынын баары ошондой эле сүрөттөр, анан тарыхыңар жок окшойт дегенде мен арданчумун. Анткени, бул региондо эң байыркы эл- кыргыздар.  Анан Тарых музейибиз кантип ушундай болсун деп, Тайып бейден (Эрдоган),  Путинден суранып атып, эптеп реконструкциясын бүтүрдүм да. Анан бир вице-премьер кирип айтыптыр го «Шикарный музей» деп. Чындыгында эле музей укмуш жасалгаланган.  Азыр эми булар музейди ачууну созуп атышат.  Ачса, барганда элди Лениндин ордуна Манас ата тосуп алат. Эми барсак, накта кыргыздын Тарых музейине баргандай болобуз. Манас атабыз тосуп алып, анын сөздөрүн кулагың менен эшитесиң. Акчаны чет элден таап келип, ушундай долбоорлорду бекер жасатып берсем, буларды да шыбатып атат. Мисалы, сага бирөө келип үй салып берсе, ашканасын салып берсе, жанына бир кафе салып берсе, мүмкүн салып атканда прораб уурдайт, прорабдын жазасын бергиле. Бирок, мен мына кыргыз эли деп акчасын таап салдырып бердим. Азыркылар түшүнбөсө да, кийинки муун рахмат деп айтат, көрөсүң. Анткени, айтып атпайсыңбы «Мурасыңызды жок кылганга аракет кылып жатат» деп. Мунун баары калат,  Тарых музейи да калат, ипподром да, Ата-Бейиттеги мемориалдар да калат. Манас атанын, Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери калат. Алардын деле акчасын мен тапкам. 2010-жылдан баштап акча маселеси менде болчу, ал кезде премьер болчумун. Андан тышкары,  бардык жерде бирдеме салдырып кеткем. Акыркы кезде «Таластын театрын салып атканда Атамбаев берген 45 миллиондон уурдалыптыр» деп чуу чыгып атат. Мен театр бүтсүн деп акчаны бөлүп бердим да, бирөө уурдасын деп бериптирминби. Бирөө уурдаса, камаш керек. Бирок, таң каласың азыркы бийликке. Мен Сооронбай Жээнбековдорду уксам, эчтеке кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет. Менин мезгилим болсо, башка болчу: тыйын да жок, свет да, жол да жок. Элде ишенич да жок. Кайра-кайра эле төңкөрүш кылабыз дегендер Ак  үйгө секирет. Башка заман болчу да. Эми муну деле Кудайга коелук. Мезгил баардыгын өзү ор-ордуна коет», -деди экс-президент.